"Саясат согушка айланбашы керек". Байден Трампка болгон кол салуудан кийин кайрылуу жасады

Саясат эч качан түзмө-түз согуш майданына айланбашы керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден атаандашы Дональд Трампка болгон кол салуудан кийин мекендештерине кайрылуу жасап жатып айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал АКШда саясий ажырым ноябрда боло турчу шайлоону утурлай күчөгөнүн белгилеп, болуп жаткан чыңалууларды токтотууга мезгил жеткенин айткан.

"Биздин өлкөдө саясий риторика абдан кызуу болуп кетти. Аны басаңдатууга убакыт келди. Муну жасоо баарыбыздын милдетибиз", - деген Байден.

Ошондой эле АКШнын лидери өлкөдө мындай зомбулук көрүнүштөргө жол берилбей турганын баса белгилеген.

"Америкада биз пикир келишпестиктерибизди урнада чечебиз. Ок менен эмес, шайлоо урнасында", - деген ал.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Трамп Пенсильвания штатында сөз сүйлөп жатканда ага куралдуу кол салуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан