Рамзан Кадыров ага эстелик тургузбоону суранды

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров ага эстелик тургузуунун ордуна анын урматына кандайдыр бир социалдык объект курууну өтүндү. Бул тууралуу саясатчы Грозныйда өтүп жаткан Кавказ инвестициялык форумунда “Улуу Кавказ: деңизден деңизге” пленардык сессиясында билдирди.

Орусиялык ишкер Михаил Гуцериев учурунда ага "бул абдан оор кызмат, эгер үч ай чыдаса, сага эстелик тургузса болот" деген эле.

"Мен чыдадым, республиканы мамлекет катары өнүктүрүп да жатам. Бизге эстеликтин кереги жок, анын ордуна республикага кандайдыр бир объект куруп бергилечи", - деди Кадыров күлүп.

Жооп катары Гуцериев Рамзан Кадыровдун атасы менен бирге Грозныйга "биринчи болуп келгенин" жана республикага мектеп жана оорукана куруп, 18 миллион доллар сарптаганын айтты.

Эскерте кетсек, 15-июлда Грозныйда биринчи Кавказ инвестициялык форуму башталды. Ага 33 өлкөдөн 2 миңден ашык коноктор катышууда. Иш-чара 17-июлга чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан