Бишкекте чак түштө 3 эркек 1 кызды уурдай качты

Бүгүн, 16-июлда Бишкекте кызды күч менен унаага салып кеткендер кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, Маевка айылында болжол менен саат 13:45 чамасында 3 бала белгисиз кызды күч менен Хёндай Гетц унаасына салып, белгисиз тарапка изин жашырышкан.

Издөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын аймагынан жогорудагы унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалып, унаа айып короо жайына киргизилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан