"Качандыр бир убакта астронавттар жашайт". Окумуштуулар Айдан үңкүр табышты

Окумуштуулар Айдан биринчи жолу үңкүрдү табышканын чет элдик басылмалар жазышууда. Маалымдалгандай, ал теориялык жактан Жердин спутнигинде жашоого ылайыктуу база түзүү үчүн идеалдуу жер болушу мүмкүн.

Италиялык илимпоздор радар аркылуу тапкан үңкүрдүн тереңдиги 100 метрден кем эмес. Тренто университетинин окумуштуулары үңкүрдү Тынчтык деңизи деп аталган белгилүү Ай аймагынын сүрөттөрүн изилдеп жатып табышты.

Алар тапкан үңкүр 55 жыл мурун "Аполлон-11" астронавттары Нил Армстронг менен Базз Олдрин Айдын бетине биринчи жолу бут баскан жерден 400 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Изилдөөчүлөрдүн эл аралык тобунун айтымында, бул табылга "Ай базасы үчүн келечектүү жер болушу мүмкүн, анткени ал жер бетинин катаал шарттарынан башпаанек берет жана Айды узак мөөнөттүү изилдөөгө жардам бере алат" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан