АКШда республикачылардын курултайында бир адам атып өлтүрүлдү (видео

Американын полициясы республикачылардын курултайы өтүп жаткан аймакка жакын жерден шек жараткан адамды атып өлтүргөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгиленгендей, партиянын жыйыны Милуоки шаарында өтүп жаткан. Анда орун алган окуя коопсуздукту укук коргоо органдары камсыздап жаткан учурда болгон.

Ошондой эле басылмалар окуядан каза болгон жаран селсаяк экенин жергиликтүү тургундардын айтымына таянып жазышууда.

Видеого түшүп калган кадрга караганда, шектүүнүн колунда бычак болгон жана ал полициянын буйругуна баш ийген эмес.

Эске салсак, Милуокиде Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампка жасалган куралдуу кол салуудан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Трамп кол салуу болгондон кийинки партиянын 15-июлдагы курултайында расмий түрдө талапкер болду.

Белгилей кетсек, республикачылардын курултайы Милуокиде 18-июлга чейин болот.

17.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан