Бүгүн, 18-июлда Чүй облусунун Ак-Суу айылында Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен долбоорунун негизинде TULPAR MOTORS унаа чогултуучу заводунун ачылышы болду.
Ата мекендик өндүрүштүн ачылышына учурда Ташкент шаарында иш-сапарда жүргөн президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан мамлекетинин башчысы Шавкат Мирзиёев видеобайланыш аркылуу катышышты.
Инвестициялык көлөмү 50 миллион долларды түзгөн ишкана 3 этап менен ишке кирет. Алгачкы этапта 100 жумушчу орун түзүлүп, 20 үлгүдөгү 10 миң унаага чейин чыгарыла баштайт. Экинчи этапта жумуш оруну 400гө, үчүнчүдө 1000 орунга чейин жеткирилет. Ошондой эле чыгарылган унаалардын саны дагы өсөт. Аймагы 47 миң чарчы метрди түзгөн завод ишке кирсе жеңил жана жүк ташуучу унааларды, автобустарды чыгарат.
Белгилей кетсек, былтыр 26-27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкө өкмөтүнүн ортосунда автомобилдик жана коммерциялык техниканы өндүрүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Ал эми ишкананын курулушуна былтыр 11-майда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен «Узавтосаноат» ААК башкармалыгынын төрагасы У.Розукуловдун катышуусунда капсула салуу иш-чарасы болуп өткөн.