Акылбек Жапаров кытайлык “Sany” компаниясынын жетекчисин кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык “Sany” компаниясынын тең негиздөөчүсү, “Sany Heavy Industry” башкармалыгынын төрагасы Сян Вэньбону кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, компания курулуш жана башка атайын оор техникаларды чыгарган алдыңкы компаниялардын катарына кирет. Жапаров “Sany” маркасындагы техникалар жана жабдуулар Кыргызстандын көптөгөн ири мамлекеттик долбоорлоруна тартылганын белгиледи.

Тараптар инфраструктураны, транспортту жана курулушту өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Сян Вэньбо жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан