Таластык тургун неберелерин ооруканага жеткирген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Таласта адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Кечээ, 19-июлда Талас районунун Ак-Жар айылынын тургуну Айдар Дүйшекеев ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирген. Ал бул бөлүмдүн кызматкерлери Эсен Момбеков жана Шаарбек Ажыбаев 9-июль күнү Талас шаарындагы банкка барган кызына жана небересине жардам бергенин айтты.

"Кызы менен кошо барган бир жарым жашар небересинин эси ооп бара жатканда милиция кызматкерлери кызматтык автоунаасы менен тез арада ооруканага жеткирген. Мындан сырткары Талас шаарындагы банктын жетекчис өз кызматтык милдетинен сырткары адам өмүрүн сактап калган кызматкерлерге ыраазычылык баракча тапшырды", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан