Оштогу борбордук базар каяка көчүрүлөрү белгилүү болду

Ош шаарындагы борбордук базар Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Кечээ, 19-июлда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын борбордук базары көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыккан.
"Курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.
Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп берилет", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан