Орусияда эки мигрант Мамлекеттик Думанын депутатын сабап салышты

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Михаил Матвеевдин өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча сот 16 жаштагы өспүрүмдү, ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарын камакка алды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Тергөө учурунда өспүрүм күнөөсүн моюнуна алган эмес. Ал депутатты өлтүрүү ниети жок экенин билдирген.

Бул иш боюнча кармалган Тажикстандын 19 жаштагы жараны Накруз Бахировдо орус паспорту бар. Ал Матвеевди өлтүрүү ниети болбогонун белгилеп, анын өмүрүнө кол салууга катышканын жарым-жартылай моюнуна алды. Буга чейин Бахиров үч жолу кылмыш иштери боюнча айыпталуучу болуп, бирок тараптардын жарашуусунан улам жоопкерчиликтен бошотулган.

Окуя өзү 18-июль күнү кечинде болгон. Депутат Матвеев жана анын айдоочусу Самарада Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары менен 16 жаштагы өспүрүмдүн коомдук тартипти бузганын токтотууга аракет кылышкан. Бирок, натыйжада алар катуу сабалган. Матвеевдин баш териси сыйрылып, ал эми айдоочусунун жака сөөгү сынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан