Бишкектин Чүй көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, кең Чүй көчөсүндө жол тилкеси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Борбор калаанын бир нече көчөсүндө жолду оңдоо иштери уланып жатканы кабарланды.