26-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -10°C
Талас облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -14°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +1°C, түнкүсүн -14°C
Баткен облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -10°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -13°C, түнкүсүн -26°C
Бишкек шаары. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C
Борбор калаада 1987-жылы дал ушул күнү абанын температурасы күндүз +16.2°C болгон.