Дүйнөлүк олимпиадага окуучуларды даярдаган машыктыруучулар билим берүүнүн мыктысы аталды

Бүгүн, 25-июлда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева математика жана биология предметтери боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучулары Мамат Ишматов жана Эльбрус Тажибаевге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин тапшырды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле министр биология боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучусунун жардамчылары Даян Мэлисовго, Бактынур Ажыбаевге, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Азамат Аскаровго, Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин математика мугалими Тимур Мамбетовго Ардак грамоталарды тапшырды.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөнүн мектеп окуучулары математика жана биология предметтери боюнча дүйнөлүк олимпиадаларда 1 алтын, 4 күмүш, 3 коло медаль жана 3 Ардак грамотага ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан