Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык болгон банк мамлекетке өттү

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык болгон "Капитал банк" мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фонд биржасынын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка таянсак, буга чейин коммерциялык банктын бардык акциялары экс-спикердин балдарына таандык болгон:

  • Эржан Чыныбай уулу – 40 пайыз;
  • Айдай Турсунбекова – 30 пайыз;
  • Бегимай Чыныбай кызы – 30 пайыз акцияга ээ болгон.

Эми акциялардын баары Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өттү.

Белгилей кетсек, Чыныбай Турсунбековдун эки кызы Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кармалган.

Андан соң УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү "2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү "Акыл инвест банкты" тартып алып, аталышын "Капитал банк" деп өзгөрткөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан