Жылнаама. 26-декабрь: Мындан 22 жыл мурун СССР расмий түрдө жашоосун токтоткон

* 26-декабрь, 1893-жылы Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын биринчи төрагасы Мао Цзэдун жарык дүйнөгө келген. Ал 1943-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Кытай Коммунисттер Партиясынын төрагасы болуп, өлкөнү башкарган. 1976-жылы 9-сентябрда 83 жаш курагында дүйнө салган.  

*1953-жылдын 26-декабрында  Эстониянын президенти Тоомас Хендрик Ильвес жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы мектепти аяктап, 1976-жылы Колумбия университетин аяктаган. Ал 1993-жылдан 1996-жылга чейин Эстониянын АКШ, Канада, Мексика өлкөлөрүндөгү элчиси, 1996-жылдан 2002-жылга чейин Эстониянын тышкы иштер министри болуп эмгектенген. 2006-жылы президенттик шайлоого аттанып, жеңишке жеткен. Ал эми 2011-жылы кайрадан президенттик шайлоо болуп, экинчи ирет Эстониянын президенти болуп шайланган.

*Мындан 22 жыл мурун СССР расмий түрдө жашоосун токтоткон. Буга 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында Советтер Союзуна кирген Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мамлекет башчылары Шериктеш мамлекеттердин биримдигин куруу туурасында келишимге кол коюшканы себеп болгон.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baratali0706
2013-12-25 23:28:15
22-жыл мурун СССР расмий турдо жашоосун токтоткондо, Кыргызстандыкын кошуп токтотуп койгон экенда?
+1
boztalaa
2013-12-26 10:46:11
Baratali0706, онугуу жашоосун токтотуп, жегиштер жашоосун тузуп берген экенда
0
abdyrakmanov
2013-12-25 23:48:02
Кыргызстандын жашосу токтобой эле уланып жататко
0
beknur95
2013-12-26 08:49:26
Кайран СССР,канчалаган эмгектин натыйжасында туптолгон держава. Бардык эле иштин кайра,бутуусу барда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан