Президент Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мыйзам күчүнө кириши менен аймактарда жана шаарларда административдик-аймактык түзүлүш өзгөрөт. Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, аймактарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.
Ошондой эле мыйзамда депутаттар 5 жылга шайланары белгиленген.
Эске салсак, мыйзам долбоору 20-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.