"Сабак болуш керек". Акылбек Жапаров Талас облусунун жетекчисин кызматтан алып, акимдерге сөгүш берди

Бүгүн, 31-июлда функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы үчүн президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушев кызмат ордунан бошотулду. Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиялык отурумунда кабыл алды.

Ошондой эле ишиндеги кемчиликтери үчүн Дадановдун орун басары Талантбек Эдиловго, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаровго, Талас районунун акими Нургазы Нармырзаевге сөгүш жарыялады.

Акылбек Жапаров бүгүнкү коллегияда кабыл алынган чечимдер башкаларга катуу сабак болушу керектигин билдирди.

“Биз мындай текшерүүлөрдү ар бир облуста жүргүзөбүз. Ошондуктан азыртадан баарын иреттеп, орду-ордуна коюңуздар. Жарыядан уктуңар, менин орун басарларым дагы бир жолу бүт өлкөнү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Андан кийин да чоң чечимдерди кабыл алабыз. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, учурда республикада 1426 адам бардык текшерүүдөн өтүп, резервде турат, мунун ичинен муниципалдык кызматка 1277 адам резервге кирген. Ал эми Талас облусу боюнча 96 адам жетекчилик кызматтар үчүн резервде даяр турат. Кадр маселеси жылдан жылга күчөтүлөт”, - деп сөзүн жыйынтыктады төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан