Париж-2024: Бүгүн эле эки жаңы рекорд коюлду

Бүгүн, 31-июлда Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында эки жаңы рекорд коюлду.

Тагыраагы, эки рекорд тең сууда сүзүү боюнча мелдештерде катталды.

Ирландиялык Дэниел Виффен 800 метрге эркин сүзүүдө чемпион болду. Ал бул аралыкты 7 мүнөт 38,19 секунд натыйжа менен сүзүп өтүп, украиналык сууда сүзүүчү Михаил Романчуктун (7 мүнөт 41,28 секунд) олимпиадалык рекордун жаңылады. Бул дисциплинада күмүш медалды америкалык Бобби Финке алса, коло медалды италиялык Грегорио Палтриньери алды.

Дагы бир рекордсмен австралиялык Кейли МакКеоун болду. Ал аялдар арасында чалкасынан сүзүү боюнча 100 метр аралыкты 57, 33 секундда сүзүп өтүп, буга чейинки рекордду жаңылады.

Буга чейин аялдар арасында 100 метрге чалкасынан сүзүү боюнча рекорд америкалык Реган Смитке таандык болчу. Анда ал 100 метрди 57,66 секундда сүзүп өтүп, рекорд койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан