Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында өзбекстандык дзюдочу Музаффарбек Турабоев коло медаль тагынды.
Ал кечээ, 1-август күнү 100 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, үчүнчү орун үчүн күрөштө испаниялык Николоза Шеразадишвилини жеңип алды.
Учурда коңшу өлкөнүн эсебинде 1 алтын жана 1 коло медаль бар. Эми Өзбекстан бийлигинин убадасы боюнча спортчу коло байгеси үчүн 50 миң доллар алат.