Бүгүн, 5-августта Париждеги Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталат. Анда Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова 1/8 финалдык баскычтан баштап күч сынашат.
Белгилүү болгондой, биринчи күнү үч салмак категориясында финалисттер аныкталат. Алар: грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейин жана 130 килограммга чейин жана аялдар арасында эркин күрөш боюнча 68 килограммга чейин.
Чүчүулактын жыйынтыгында Шаршенбековдун атаандашы казак балбаны Айдос Султангали болсо, Жуманазарова алгачкы беттешин Монголиянын спортчусу Делгерма Энхсайхан менен өткөрөт.
Бул салмактык категориялар боюнча медаль үчүн беттештер 6-августта өтөт.