Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалында жеңилүү ызасын тартып калды.
Олимпиадага 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен кез келди.
Кызыктуу беттештин жүрүшүндө япониялык балбан 4:3 эсебинде жеңишке жетти.
Олимпиаданын чейрек финалында жеңилгенине ишене албаган Жоламан Шаршенбеков көзүнө жаш алды.
Эми Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшөт.