Бүгүн, 6-август күнү Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргоп 4 спортчу беттеш өткөрөт.
Жеңиштин жолу уланып,
Кайрат-күч жанган дээринде,
Журтубуз тегиз кубанып,
Кайрадан жеңиш Мээримде!
Бердибек Жамгырчиев
Оң жагында баатыр Сайкал жандаган,
Сол жагынан Жаңыл Мырза калбаган.
Алла Таала кубат берип өзүңө,
Алтын колуң алтын болсун кармаган!
Жеңишбек Жумакадыр
Жыгам деп келип Мээримди,
Экөө тең бирдей жеңилди.
Парижден утуп алтынды,
Жыргалга бөлө элиңди.
Эрнисбек Урукеев
Мээрим Жуманазаровага
Кыргыз, кыргыз, кыргыз, кыргыз дегенде,
Кыргыз кызы - Желек, Үмүт, Көрөңгө!
Намыс күткөн жүрөгүңөн садага
Азыр дүйнөң оргуп турат тереңде.
Алаканың ачсаң колдо бүт дүйнө,
Аласалтып алып ыргыт, күттүрбө!
Аял сүрүн сезсин аалам таң калып,
А сендеги күч асмандын үстүндө.
Бул жөн гана күрөшү эмес дененин,
Оо бул күрөш - күрөшү улуу эненин!
А сен көрсөт, да бир жыгып баратып
Аялзаттын бир жаралган себебин!
Көзүңдү алба бар болгону учурдан,
Коркпо, эгер кокус тайсаң бутуңдан.
Кожомкулдун өзү келип жаныңа
Күч таап берет, бир кырдаалдан кутулган.
Колдон тайып бара жатсаң кебелбе,
Кошой атаң кошо жүрөт денеңде.
Сен ойлонбо, ойноп жеңгин бир аны
Күч коротпо, а сен ага теңелбе!
Аял - эне, аял - бакыт, жаратман!
Сенде жүрөт бир кут сага жарашкан.
Кыргыздардын качанкы бир тарыхта
Азияны айланта чаап, караткан.
Адамзаттан үшүп жүрөт жер бүгүн,
Аялдарга ал-күч алып бергиниң.
Алтын ал да, ааламды бүт тамшантып
Алмустактын күчүн кайрып келгиниң!!!
Кыял Тажиева
Ийгилик чебин курсунчу,
Илбирстей чапчаң Жоламан!
Ар дайым жанып турсунчу,
Алдыңда жарык жол анан!
Бердибек Жамгырчиев
Ураалап болот той анан,
Урмат-сый көрүп бол аман.
Жолуңду ачсын Кудайым,
Жолборс жүрөк Жоламан!
Жеңишбек Жумакадыр
Бүт жерден алып алтынды,
Бүт дүйнө билет баркыңды.
Кудайым колдоп дагы бир,
Кубантып койчу калкыңды.
Күрөшүң сенин бах, сонун,
Күрөштүн жаңы ач жолун.
Арты-артынан баарын жең,
Арстан жүрөк Акжолум!
Арстан жүрөк Акжолум
Ачылсын сенин ак жолуң
Жаңылбай басып келесиң
Барсбек, Манас нак жолун...
Эрнисбек Урукеев
Жараткан берип тилекти
Алтындан сунуп белекти
Парижден мөөрөй олжолоп
Сүйүнтсөң экен жүрөктү!!!
Жеңишбек Жумакадыр
Чыныгы баатыр жүзүндөй,
Чыгаандар Акжол, Үзүрдөй.
Берендер азыр мезгилдин,
Береке төккөн Күзүндөй!
Желбиреп турсун ийгилик,
Жеңиштин учу үзүлбөй.
Бердибек Жамгырчиев
Тийгизип жерге далысын,
Тизгиндеп салчы баарысын.
Кылчалык ката кетирбей,
Кылымга калсын дабышың.
Таңгалтып сыры күчүңүн,
Таттырсын бакыт түшүмүн.
Алп балбан сенсиң кыргызда,
Алып кел алтын Үзүрүм!
Жеңишбек Жумакадыр
Айланайын Үзүрүм
Ак эмгек берет үзүрүн
Жылдап көргөн мээнеттин
Ала бер үрөп түшүмүн...
Балбан билек баатырсың
Бак дарып жолуң ачылсын
Ак тилек, максаттарыңды
Жараткан ишке ашырсын!!!
Эрнисбек Урукеев
БҮТ КЫРГЫЗДЫН СЫЙМЫГЫ
Таң калтырып, бүт жер жүзүн караткан,
Тарых болчу ийгиликти жараткан,
Балбандарды сүрөп-колдоп турабыз,
Баарыбызга зор жеңишти саматкан.
Кызыр колдоп, дем-күч берсин жаштарга,
Кызыл туубуз көтөрүлсүн асманга.
Жеңиш дагы биз тарапта болсо экен,
Жетине албай элим колдоп жатканда.
Бул жолу да баары алтын тагынсын,
Бул жолу да гимнибиз жаңырсын.
Кучакташып, сүрөп турган кыргыз эл,
Кубанычтын коңгуроосу кагылсын.
Балбандарды сүрөөнгө алып туралы,
Басылбасын элибиздин урааны.
Желбиреген кызыл туунун алдында,
"Жеңиш бизде!" деген сөздү угалы.
Аң-таң болуп, бүткүл дүйнө карашсын,
Алга! Чамда! Урпактары Манастын.
Уу-дуу түшкөн кубанычты коштогон,
Улуу элиме - улуу жеңиш жарашсын!
Жуса Касиетов