Париж-2024: Кениялык жөө күлүккө күмүш медалын кайтарып беришти

Кениялык спортчу Файт Кипьегон Париж Олимпиадасында 5000 метрге чуркоодо аппелияциялык кат жазып, күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиаданын эки жолку чемпиону 5 чакырым аралыкты 14 мүнөт 29,60 секундда чуркап өтүп, мекендеши Беатрис Чебеттен (14:28,56) артта калып, экинчи орунду ээлеген. Бирок жарыш учурунда ал атаандаштарынын бирин түртүп жиберген делип, күмүш медалынын ажыраган.

Анын медалы нидерланддык спортчуга берилмек. Бирок Кениялык машыктыруучулар аппеляциялык арыз менен Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясына кайрылып, жыйынтыгында алар күмүш медалды кайра кениялык жөө күлүккө ыйгарышты.

Кипьегон Рио-де-Жанейро жана Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 1500 метр аралыкта алтын медаль уткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан