Париж-2024. Олимп оюндарында 40дан ашуун спортчу COVID-19 жуктуруп алды

Париждеги Олимп оюндарына барган 40дан ашуун спортчулар коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мария Ван Керкховеге шилтеме берүү аркылуу жазышууда.

Анын айтымында акыркы учурларда дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети менен ооругандардын саны өсүүдө.

Белгилей кетсек, жугуштуу илдет австралиялык 5 спортчудан, сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын үч жолку чемпиону суучул Адам Питиден, австралиялык суучул айым Лани Паллистерден, Белгиянын курамасынан аныкталганын басылмаларда айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан