Бүгүн, 7-августка караган түнү Париж шаарында медаль уткан алгачкы балбандарды сыйлоо аземи өттү.
Анда Олимпиада пьедесталына коло байге уткан Жоламан Шаршенбеков дагы чыгып, Кыргызстандын туусу Олимпиада оюндарында көтөрүлдү.
Белгилей кетсек, 60 килограмм салмакта медалдардын баары Азия өлкөлөрүнө кетти. Тагыраагы, алтын медаль Японияга, күмүш Кытайга, коло медалдар Түндүк Корея менен Кыргызстанга кетти.