Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынан коло байге уткан Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин кайрылуу жасады.
"Алтын байге үчүн келгенбиз. Бирок, Кудайдын буйругу экен, коло медаль алдык. Бул жалгыз эле өзүмдүн жеңишим десем жаңылышам, бул баарыбыздын жеңишибиз. Шартыбызды түзүп берген мамлекетибизге дагы терең ыраазычылык", - деди ал.
Шаршенбеков алдыда килемге чыга турган кыргыз балбандарына ийгиликтерди каалап, "алтын байге утушсун" деген тилегин билдирди.