Бүгүн, 8-августка карата Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 58-орунга жайгашты.
Учурда өлкө куржунунда 1 күмүш, 3 коло байге бар. Алсак, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медаль утса, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш байге тагынды.
Олимп оюндарындагы медалдардын тизмесинде 27 алтын, 35 күмүш жана 32 коло менен АКШ биринчиде. Ал эми 25 алтын, 23 күмүш, 17 коло байге алган Кытай экинчи орунга жайгашса, Австралия өлкөсү 18 алтын, 12 күмүш, 11 коло менен үчтүктү толуктап турат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 38-сапка жайгашып, азырынча лидерликте. Коңшу өлкөнүн куржунунда 1 алтын, 3 күмүш, 3 коло медаль бар. Бул тизмеде Өзбекстан 1 алтын, 2 коло менен 43-орунга чыкты. 3 коло байге уткан Тажикстан 67-орунда.