"13 жашынан бери күрөшөт". Париж Олимпиадасында коло медаль уткан Үзүр Жузупбеков тууралуу эмнелер белгилүү?

SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасынын бул чыгарылышында тарых жараткан спортчу, кыргыздын сыймыктуу уулу Үзүр Жузупбеков тууралуу кеп кылабыз. Балбан кечээ, 7-августта ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнө кубаныч тартуулады. Анын беттешин бир дем менен көрүп, коло медаль тагынганда көпчүлүктүн көзүнөн сүйүнүчтүн көз жашы айланды. Олимпиадада өлкөнүн намысын коргоп, желегин бийикте желбиретүү үчүн кандай кадамдарды басып өткөн? Алдыда кеңири сөз болот.
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жузупбеков Азия чемпиону жана Азия чемпиондуктарынын байге ээси, Азия оюндарынын байге ээси, Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
Ал 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жарык дүйнөгө келген. 5 эркек бир туугандын улуусу. Ата-энеси мал чарбачылыгы менен алектенет.
Күрөшкө 13 жашынан баштап катыша баштаган. Таласта 9-класска чейин машыгып, андан кийин Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык окуу жайга тапшырган. Ошондой эле ал Раатбек Мамбетовдун колунда тарбияланган.
Эске салсак, Жузупбеков 2021-жылдын 9-апрелинде Казакстандын Алматы шаарында Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган. Ал Токио Олимп оюндарында эки беттеш өткөрүп, 1/8 баскычында армян балбаны Артур Алексанянга, ал эми жооптук беттеште фин балбаны Арви Саволайнеге жеңилип калып, байгесиз кайткан эле.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын май айында Түркияда өткөн Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган.
Лицензиялык турнирде балбан 97 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 баскычынан баштаган. Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алып, биринчи хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырган. Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна онунчу лицензияны алып келген.
Белгилей кетсек, кечээ, 7-августта Кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында 97 килограмм салмакта коло байге утту.
Анда Олимпиадага 97 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венскайтис аттуу балбан менен кез келип, 5:1 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыккан.
Ал эми чейрек финалда ирандык Сарави аттуу фаворит балбан менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилген.
Анда ирандык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу, Жузупбеков коло байге үчүн египеттик Мохаммед Габр аттуу балбан менен кез келди. Алардын беттеши 1:1 эсебинде аяктап, кыргыз балбаны акыркы болуп балл алгандыгы үчүн жеңүүчү болду. Жыйынтыгында Үзүр Жузупбеков 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Жетишкендиктери:
2016 — Азия чемпиондугунда коло медаль ээси;
2017 — Ислам тилектештик оюндарында жана Азия оюндарында күмүш медаль ээси;
2018 — Азия чемпиондугунда коло байге ээси;
2018 — Азия оюндарында коло байге ээси ;
2019 — Кытайда өткөн Азия чемпиондугунда жеңүчүү;
2021 — Токио Олимпиадасынын катышуучусу;
2021 — Киевде өткөн эл аралык турнирде алтын медаль ээси;
2022 — Болгарияда өткөн эл аралык турнирде коло байге ээси;
2023 — Азия чемпиондугунда күмүш байге ээси;
2024 — Түркиядагы эл аралык мелдеште коло байге ээси.
2024 — Париж Олимпиадасында коло байге ээси.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан