"Өзүмдү начар сезип, алсырадым". Үзүр Жузупбеков командада диетолог, психологдор жок экенин айтты

Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынан коло байге уткан Үзүр Жузупбеков жеңишинен кийин билдирүү жасап, сезимдери менен бөлүштү.

Анда кыргыз балбаны ирандык атаандашы менен болгон беттештин алдында өзүн бир аз начар сезгенин айтты.

"Туура эмес тамактанып алдымбы же тамак жакпай калдыбы, билбейм. Өзүмдү начар сезип, алсырадым. Америкалык спортчу менен болгон беттеште да чарчаган абалда күрөштүм. Түшкү тамактануудан кийин өзүмдү жакшы сезип калдым. Египеттик атаандашым менен болгон беттеш башкача болорун күткөм, бирок андай болбой калды", - деди Жузупбеков.

Ошондой эле ал курама командада диетолог, психолог жок экенин, алардын кызматын машыктыруучулары аткарып калганын белгиледи.

"Диетолог, психолог жок. Ага да каражат керек. Өзүбүз, машыктыруучуларыбыз диетолог, психолог болуп калганбыз. Башка мамлекеттердики бар, алар күрөштү гана ойлонот. Баарыбыз намаз окугандыктан психологиялык жактан жакшы абалдабыз. Баары Аллахтын каалоосу менен. Демек, мындан жакшысын кийинкиде берет деп койдук", - деди Жузупбеков.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан