Дүйнөгө белгилүү украиналык балбан Жан Беленюк Париж шаарындагы Олимпиадада коло байге утуп, беттештен кийин эле профессионалдык карьерасы бүткөнүн жарыялады.
33 жаштагы балбан 87 килограмм самакта Париж Олимпиадасында коло байге утту. Ал коло байге үчүн польшалык Аркадиуш Кулиничти 3:1 эсебинде утуп, Олимпиада медалына ээ болду.
Ал жеңишинен кийин дароо эле спорттук бут кийимин чечип, маттын ортосуна койду. Бул балбандын карьерасы бүттү дегенди билдирет.
Буга чейин ушул эле Олимпиадада кубалык атактуу балбан, 5 жолу катары менен Олимпиада чемпион болгон Михаин Лопес карьерасын бүтүргөн. Ага улай эле дагы бир белгилүү балбан, өзбекстандык Рустам Ассакалов дагы Париждеги ийгиликсиз беттешинен кийин карьерасын жыйынтыктады.