Өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов Мунарбек Сейитбек уулунун Олимпиаданын финалында секундант болбой турганын бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу билдирди.
"Мунарбек кечээ жарым финалда жеңишке жеткенден кийин, ал эки мушкерге секундант болууга уруксат жок экенин мага айтты", - деп белгиледи ал.
Хасанов Мунарбектин секунданты боло албайт, анткени аны менен өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков алтын үчүн күрөшөт. Өзбек машыктыруучусу биздин мушкерге жардам берди. Анткени анын жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимп оюндарына бара албай калган.
Белгилей кетсек, интернет желесинде кыргызстандыктар Хасановго ыраазычылык билдиришүүдө. Өзбек секунданты буга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы медалы менен сыйланган.