Кыргыз балбаны Айаал Лазарев Париждеги Олимпиада оюндарында медалсыз калды.
Коло байге үчүн беттеште Айаал Лазарев 2016-жылы Олимпиада чемпиону болгон түркиялык Таха Акгүл менен кез келип, 7:0 эсебинде утулуп калды.
Беттештен кийин эки балбан бирдей күрөштөгү карьерасы бүткөнүн жарыялап, спорттук бут кийимдерин чечип, маттын үстүнө коюшту.
Айаал Лазаревдин бул үчүнчү Олимпиадасы болду. Ал Париж Олимпиадасында 5-орунду ээледи.