Парижде Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи кандай өттү? (сүрөттөр)

Кечээ, 11-августта Париждеги "Стад де Франс" стадионунда Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи болуп өттү.

Чет элдик басылмалар жазышкандай, жабылыш аземге миңдеген спортчу, он миңдеген көрүүчү, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах, УЕФАнын башчысы Жанни Инфантино катышты.

Анда кийинки Олимпиада оюндары 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турганы белгилүү болду.

Аземдеги программага спортчулардын парады, оюндарды өткөрүүгө жардам берген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирүү жана аялдар марафонунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо кирди.

Иш-чарада Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн желектерин параддан өткөрүү жана кийинки оюндарды өткөрө турган шаардын өкүлүнө Олимпиада туусун тапшыруу орун алды. Париждин мэри Анна Идальго Олимпиада эстафетасын Лос-Анжелестин мэри Карен Басска тапшырды.

Белгилей кетсек, Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышы 26-июлда Париж шаарынын Сена дарыясында өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан