Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарынан кийин билдирүү жасады.
"Кыргыз элим, Парижде өткөн Олимпиадада уткан күмүш медалым сиздерге арналат! Мен Кыргызстанда дал ушул үй-бүлөдө төрөлгөнүм үчүн жана ошондой эле Париждеги Олимпиаданын медалын буюруп койгон Алла Таалама чексиз шүгүр келтиремин!
Бул күнгө чейин далай сыноолорду баштан өткөрдүк. Аларга ар бириңиздер күбөсүздөр... Тулку боюм менен жан дүйнөмдүн ооруганын тынымсыз аккан маңдай тер менен басууга колдон келишинче аракет кылып жаттым. Эгер бул медаль менен аз да болсо элимди даңазалоого салым кошо алсам, анда баштан өткөн ар бир сыноого рахмат айткым келет. Кыргызстаныбыз гүлдөй берсин! Кыргызстандыктар түбөлүк тынчтыкта бактылуу өмүр сүрө берсин!", - деп жазды Жуманазарова социалдык тармактагы баракчасына.
Белгилей кетсек, Олимп оюндарында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен кез келип, тилекке каршы, 0:3 эсеби менен жеңилип калды.
Балбан кыз Кыргызстандын куржунуна күмүш медаль алып келди. Муну менен Жуманазарова Кыргызстандын эгемендик тарыхында Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду, ал буга чейин коло байге багындырган.
Ага Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова коло медаль утуп кошулду. Экөө тең Токиодогу Олимпиадада күмүш байге менен кайткан.