Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болгон кыргыз балбаны Акжол Махмудов 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадада сөзсүз алтын байге утарын айтты.
Эски аянтта өтүп жаткан сыйлоо аземинде Акжол Махмудов алтын медаль ута албай калганына өзүн күнөөлүү сезип жатканын айтты.
"Бир эле нерсени айткым келип турат. Кыргызстандын эли күткөн алтынды алып келе албай, өзүбүздү күнөөлүү сезип турабыз. Кудай буюрса, эмки Олимпиадага бүгүндөн баштап даярданып, сөзсүз алтын медаль тагынып келем", - деди Акжол Махмудов.