Олимпиадага катышкан спортчуларды Бишкек кандай тосуп алды? (фото, видео)

Бүгүн, 13-августта Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти.

Аларды тосуп алуу аземи Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) болуп өттү. Анда спортчулар жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү.

Иш-чарада алгач бардык спортчулардын Олимп оюндарындагы видеолору көрсөтүлүп, байгеге татыгандардын сөз сүйлөөсү менен уланды.

Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров да катышты. Ал өз сөзүндө спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, алардын спорттогу өзгөчөлүктөрүн белгилеп өттү. Андан соң 16 спортчунун ар бирине акчалай сыйлык жана унаа берди. Күмүш медаль алгандар 10 миллион, ал эми коло байге уткандар 7 миллион сомдон алышты.

Спортчулардын машыктыруучу, укалоочу жана дарыгерлери да сыйлыксыз калган жок. Аларга 50 миң сомдон баштап 6 миллион 600 миң сомго чейин акчалай сыйлык берилди.

Салтанаттуу аземде ырчылардын ыр аткаруусу жана күйөрмандардын спортчулар менен сүрөткө түшүүсү орун алды. Күйөрмандар мушкер Мунарбек Сейитбек уулун мамлекет берген унаага чейин көтөрүп алып барышты.

Иш-чара соңунда маалымат жыйын өтүп, анда спортчулар журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кыргыз спортчулары Олимпиададан келишти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан