Бүгүн, 13-августта Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары өлкөгө кайтып келишти.
Аларды тосуп алуу аземи Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) болуп өттү.
Анда президент Садыр Жапаров 16 спортчунун ар бирине унаа берип, акчалай сыйлык тапшырды.
Мындан тышкары машыктыруучулар менен дарыгелерге да 50 миң сомдон 6 миллион 600 миң сомго чейин акчалай сыйлык берилди.
Акчалай сыйлык алган машыктыруучулардын тизмеси:
Грек-рим күрөшү боюнча:
Курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаевге - 6 миллион 600 миң сом;
Курама команданын улук машыктыруучусу Улукбек Карачолоковго - 5 миллион 500 миң сом;
Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедовго - 1 миллион 750 миң сом;
Акжол Махмудовдун биринчи машыктыруучусу Акпарали Жамалдин уулуна - 700 миң сом;
Жоламан Шаршенбековдун биринчи жана жеке машыктыруучусу Хаким Махмудовго - 2 миллион 450 миң сом;
Үзүр Жузупбековдун жеке машыктыруучусу Раатбек Мамбетовго - 1 миллион 750 миң сом;
Үзүр Жузупбековдун биринчи машыктыруучусу Аязбек Ювашбаевге - 700 миң сом;
Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу Дастан Мухтаровго - 250 миң сом;
Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкуловго - 100 миң сом.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучус Түгөлбай Базакечовго - 700 миң сом;
Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу Нурсултан Аскарбековго - 1 миллион 750 миң сом;
Мээрим Жуманазарованын жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаровго - 1 миллион 100 миң сом;
Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабековго - 2 миллион 500 миң сом;
Курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаевге - 4 миллион 500 миң сом;
Курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго - 5 миллион 650 миң сом.
Бокс боюнча:
Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу Турдалы Оморовго - 1 миллион сом;
Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге - 2 миллион 500 миң сом;
Курама команданын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаевге - 2 миллион 500 миң сом;
Курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулуна - 3 миллион сом.
Эркин күрөш боюнча:
Курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажиновго - 750 миң сом;
Курама команданын улук машыктыруучусу Сүймөнкул Таабалды уулуна - 875 миң сом;
Эрназар Акматалиевдин жеке машыктыруучусу Ырысбек Мамышевге - 125 миң сом;
Эрназар Акматалиевдин биринчи машыктыруучусу Канатбек Сыдыкбековго - 50 миң сом;
Бекзат Алмаз уулунун жеке машыктыруучусу Рустам Кочаровго - 250 миң сом;
Бекзат Алмаз уулунун биринчи машыктыруучусу Нуржан Сүймөналиевге - 100 миң сом.
Дзюдо боюнча:
Курама команданын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусовго - 300 миң сом;
Курама команданын улук машыктыруучусу Сергей Кладновго - 250 миң сом;
Эрлан Шеровдун биринчи жана жеке машыктыруучусу Роман Кузьминге - 175 миң сом;
Кубанычбек Айбек уулунун жеке машыктыруучусу Бакыт Жусуповго - 125 миң сом;
Кубанычбек Айбек уулунун биринчи машыктыруучусу Улукбек Өмүрзаковго - 50 миң сом.
Жеңил атлетика боюнча:
Башкы машыктыруучу Айып Исаковго - 150 миң сом;
Улук машыктыруучу Андрей Полубабкинге - 125 миң сом;
Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу Татьяна Жирковага - 125 миң сом.
Сууда сүзүү боюнча:
Денис Петрашов менен Елизавета Печерскихтин башкы жана жеке машыктыруучусу Евгений Петрашовго - 600 миң сом;
Елизавета Печерскихтин жеке машыктыруучусу Юрий Захаровго - 50 миң сом.
Ошондой эле укалоочулар менен дарыгерлерге 1 миллион 375 миң сомдон берилди.