Кыргызстанда Бокс академиясы курулары айтылды

Кыргызстанда Бокс академиясы курулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов бүгүн, 13-августтага маалымат жыйында айтты.

Айтымында, академияны курууга 2 гектар жер бөлүнүп, жакынкы күндөрү курулуш иштерине даярдыктар башталат.

"Азыркы учурда федерациянын жетекчилиги жер маселесин чечишти. Буюрса, эки гектар жерге бокс академиясы салынат. Пландар түзүлүп, эскиздер чийилип, даярдыктар көрүлүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги эски аянтта Париж Олимпиадасынын келген спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров катышып, спортчуларга акчалай сый акы жана автоунаа тапшырды.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн XXXIII Жайкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышып, алтоо олжолуу кайтты. Тагыраагы, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жана Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынса, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова өлкө куржунуна коло медаль салышты.

Айбек Абдымомун
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан