Кечээ, 13-августта Бишкекте Париж Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышып, спортчуларга акчалай сыйлык жана автоунаа тапшырды.
Олимп оюндарында күмүш медаль алган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 миллион сомдон жана бирден автоунаа берилсе, коло байге алган Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбековага 7 миллион сомдон жана унаа берилди. Ал эми калган спортчунун баарына акчалай сыйлык менен унаа ыйгарылды.
Үзүрдүн айылдаш агалары 3 бөлмөлүү батир даярдап жатканын жана аны Үзүр биле электигин биздин порталга берген маегинде кошумчалашты. Мындан тышкары Жоламан жана Мунарбек качан үйлөнөрүн кеп кылды.
Кызыктуу видео репортажды толугу менен SUPER.KG порталынын You Tube каналынан көрүңүздөр.