Парижде орун алган XXXIII Жайкы Олимп оюндарында бокс боюнча күмүш уткан Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон Акмал Хазанов өзбек телеканалдарынын бирине маек берип, кыргыз мушкери, секунданттык сунушту кабыл алуусу боюнча айтып берди.
Анын айтымында, келечекте Олимп оюндарына секунданттык кылсам деген максаты кыргыз мушкери аркылуу ишке ашкан.
“Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулунан сунуш түштү. Анткени Парижге барганда мушкерлерибиз чогуу машыгып, таанышып калдык. Түшкөн сунушту өзбек курамасынын бокс боюнча башкы машыктыруучусунун макулдугусуз кабыл ала албайт болчумун. Кийин уруксат алышты, мен секундант болдум. Максат-тилектеримдин бири - Олимп оюндарында секунданттык кылыш болчу. Бирок машыктыруучулардын жашы болгондуктан, келечекте ишке ашат деп ойлогом. Бул ниетим кыргыз мушкери аркылуу ишке ашканына сыймыктанам. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген сөз бар эмеспи, өзбек машыктыруучуларынын кимиси болбосун, менин ордумда болсо, жардам бермек”, - деди ал
Өзбек машыктыруучусу кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулун 3 жылдан бери тааный тургандыгын айтып, ал күчтүү жана акылдуу спортчу экендигин белгиледи.
“Машыгууларда, мелдештерде Мунарбек Сейитбек уулу менен чогуу болуп калабыз. Ал күчтүү, тажрыйбалуу боксчу. Секундант болгондо алгач андан тартындым, акыл айтыш да бир аз оор болду. Бирок өзү өзбекче түшүнө тургандыгын билдирип, акыл-насааттарымды айтып туруусун каалаганда мен бардык күчүмдү жумшадым. Анын жеңишин кааладым. Жарым финалга даярдык көрүүдө ага өзүн колго алып, алдыга кадам таштоо керектигин айтып, сүйлөштүк. Ал жеңишке жетип, финалга чыкканда үстүмдөн оор жүк алгандай жеңилдедим. Бирок негизги беттеш өзбек боксчусу менен болгондуктан, секундант боло албайт элем. Бул абалдан кантип чыгуу керектигин көп ойлондум. Акыры өзбек чапанын жаап, ийгилик каалап, абалымды жеңилдеттим”, - деди Хасанов.
Ал маегинде секунданттык милдетти аткарып кыргыздардан, казактардан алкоо алгандыгын айтып, ыраазычылык билдирген. Ошондой эле Олимп оюндары казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек элдеринин достугун чыңдап, алардын бири-бирине болгон колдоосу чет өлкөлүктөрдү суктандырганын кошумчалады.