*Мындан 442 жыл мурун ушул күнү белгилүү математик жана астроном Иоганн Кеплер жарык дүйнөгө келген. Ал “Оптика” жана “Күн системиндеги планеталардын кыймылы тууралуу” ачылыштары менен таанымал.
*1939-жылдын 27-декабрында Түркиянын Эрзикан шаарында күчтүү зилзала катталып, 50 миңден ашык адам каза болгон.
*1940-жылдын 27-декабрында Кыргызстан КП БКнын III пленуму ишин баштаган. Анда өлкөнүн айыл чарбасы жана ага байланышкан маселелер талкууга алынган.
*1948-жылы франциялык актёр Жерар Депардье жарык дүйнөгө келген. Ал “Алтын глобус” сыйлыгынын лауреаты, “Сезар” сыйлыгынын эки жолку ээси. Ошондой эле, Францияда гана эмес, бүт дүйнө жүзүнө таанымал таланттуу актёр.