8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ашыртмалы аба күрөшү боюнча мелдештер өтөт. Анда Кыргызстандын атынан жалпы 5 балбан өлкө намысын коргойт.
Дене тарбия жана спорт департаменти курама команданын тизмесин жарыялады. Алар:
- 60 килограмм Роман Сапаров
- 70 килограмм Бекболсун Сатканкулов
- 80 килограмм Айболот Аманов
- 90 килограмм Асанкелди Нуркасым уулу
- +90 килограмм Бактияр Мирлан уулу
Курама команда машыктыруучу Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.