Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда "Дүйнөлүк муай-тай" чемпиондук куру үчүн беттешке чыгат.
Беттеш бүгүн, 29-августта Бангкок шаарында өтөт. Анда мурдагы депутаттын атаандашы жергиликтүү мушкер болот. Эки мушкер 80 килограмм салмакта чемпиондук кур үчүн беттешишет.
"Намысты коргоого убакыт келди. Абдан чоң жоопкерчилик жана кооптонуу бар. Бирок өлкө намысы баарынан бийик болууга тийиш. Кудайдан ийгилик, элимден ак бата сурайм", - деди беттеш алдында Шайлообек Атазов.