Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Таиландда өткөн дүйнөлүк мелдеште "Дүйнөлүк муай-тай" чемпиондук курун утту.
Ал бүгүн, 29-августта жергиликтүү мушкер менен кез келди. Эки мушкердин беттеши турнирдин негизги беттеши катары өттү. Анда Шайлообек Атазов атаандашынын үстүнөн беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңишке жетип, чемпиондук курду тагынды.
Шайлообек Атазов быйыл жазында соттун чечими менен мандатынан ажыраган.