Париж Олимпиадасында күмүш байге уткан Мээрим Жуманазарованын 10 жыл мурда күрөшкөн видеосун спорт журналисти Тахир Гафуров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Видео 2014-жылы Кыргызстандын чемпиондугунда тартылган. Анда болочоктогу Олимпиаданын байге ээси 15 жашта болгон. Видеодо Мээрим Жуманазарова атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетет.
Мээрим Жуманазарова учурда 24 жашта. Ал Токио шаарында өткөн Олимпиадада коло, Париждеги Олимпиадада күмүш байге уткан. Ошондой эле ал Азия жана Дүйнө чемпиону болгон.