Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунан Косовонун "Лапи" аттуу футболдук клубу менен келишим түздү.
Кыргыз футболчусу менен косоволук клуб 3 жылга келишим түзгөн. Үч жылдан кийин Бекназ Алмазбеков стамбулдук клубга кайтып бара алат.
"Лапи" футболдук клубу Косово чемпиондугунда учурда 10 команданын ичинен 6-орунда келе жатат.