Астанадагы мечиттердин биринде колунда бычагы бар адам мечитке келгендерди коркуткан. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматта ал мечиттеги мүлктөргө зыян келтирүүгө жетишкенин, бактыга жараша, эч ким жабыркабаганы тууралуу айтылат.
Ага ылайык, кармалган адам психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганы белгилүү болду.