Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулуна дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-сентябрда Ош ОИИБинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү Ысык-Көл облусунун 51 жаштагы жашоочусу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Ал 8-июлдан бери Адыл Акжол уулу ишканага байланыштуу тартылган видеону өчүрүү үчүн көп суммадагы акча каражатын талап кылып жаткандыгын айткан.
Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана атайын кызмат тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусу менен Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө журналист YouTube каналында аталган ишкерге тиешелүү материалды жүктөгөнү, материал 76 миң жолу көрүлгөнү жана башка дагы социалдык тармактарга таркап кеткендиги аныкталган.
"Учурда УКМК менен биргеликте ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Адыл Акжол уулу "Массалык баш аламандыктар" беренеси менен айыпталып, 2 айга камакка алынганы 12-августта белгилүү болгон.