Бүгүн, 4-сентябрга караган түнү АКШда UFC уюмунун президенти Дана Уайттын көзөмөлү астында Contender Series турнири болуп өттү.
Промоушндун президенти венесуэлалык Юнеиси Дубен менен канадалык Шэннон Кларктын ортосундагы беттеште нокаутту көрүп таң калды. Дубен беттештин экинчи мүнөтүндө эле атаандашын катуу нокаутка учуратты.
Жеңиштен кийин дароо венесуэлалык мушкер чөгөлөп, көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Ал эми Уайт октагонго чейин кирип келип, мушкер менен UFC уюму келишим түзө тургандыгын айткан. Адатта уюмдун жетекчиси бардык беттештердин жыйынтыгын карап чыгып, арасынан UFC менен келишим түзө турган мушкерлерди тандайт.