Өлкө башчы Дүйнөлүк чемпиондукта байгелүү орундарга ээ болгон жаш спортчуларга сыйлык тапшырды 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта (U17) байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугуп, акчалай сыйлыктарды таштырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонун баса белгилеп өттү.

“Мунун өзү - өлкөбүз үчүн чоң сыймык жана чоң жетишкендик десек болот! Акыркы жылдары кыргыз спортчулары өлкө намысын татыктуу коргоо менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын кызыл туусун бийик желбиретип келе жатышат.

Урматтуу жаш балбандар, спорт аркылуу өлкөбүздүн дүйнө айдыңындагы кадыр-баркын көтөрүп жатканыңарга өзүмдүн жана жалпы кыргызстандыктардын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, “Кыргыз элинин бир ууч топурагына жараган, Кыргызстандын бир ыптасын чойгон уулдардан болсо экен” деп тарбиялаган ата-энелериңерге рахмат. Ошондой эле талантын байкап, жөндөмүн баалап, таптап жүрүп олтуруп, чоң мелдештерге салган машыктыруучулар Азат Мирахимов менен Дастан Муктаровдун да эмгеги зор. Сиздерге да терең ыраазычылык билдирем”, - деген өлкө башчы.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы спортчуларды ар кандай чөйрөгө аралашпоого чакырган.

“Мына ушул жерден жалпы Кыргызстандын жаштарына кайрылгым келет. Спорт менен машыккыла. Спорт – ден-соолуктун булагы, спорт – дүйнөнүн элчиси деп бекер айтылган эмес. Албетте, билимди да биринчи орунга койгула. Ар кандай оюн жаман топторго жетеленип кетпегиле", - деди Жапаров.

Спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына Дүйнө чемпиондугундагы оюндардын жыйынтыгы боюнча акчалай сыйлыктар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:

Спортчуларга:

Курсантбек Исаковго — 600 миң сом;

Өмүрбек Асан уулуна — 600 миң сом;

Рустамжан Кахаровго — 600 миң сом;

Марлен Абдраимовго — 200 миң сом;

Кутман Калбаевге — 400 миң сом;

Бекжан Бейшембаевге — 200 миң сом;

Машыктыруучулар курамына:

улук машыктыруучу Азат Мирахимовго — 150 миң сом;

жеке машыктыруучу Рустам Кочаровго — 100 миң сом;

жеке машыктыруучу Абдурашит Мамасабировго — 100 миң сом;

улук машыктыруучу Дастан Муктаровго — 150 миң сом;

жеке машыктыруучу Айбек Бердалиевге — 100 миң сом;

жеке машыктыруучу Ратбек Мамбетовго — 100 миң сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан